Баткенде үч эм төрөлдү
Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын 34 жаштагы тургуну Кызбурак Бактыбай кызы үч эм кыз төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, жергиликтүү бийлик өкүдөрү үч эмди кабар алып, Ош облустук төрөт үйүнө барышты. Аларга баалуу белектер, эне жана наристелер үчүн керектүү болгон буюмдар жана 40 миң сом акчалай белек тапшырылды.
Кошумчалангандай, ымыркайлар 30-апрелде жарыкка келген. Кыздарга Муслима, Дариха, Фатима ысымдары ыйгарылды.
Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.