Нарында жер титрөөдөн 99 турак жай жабыркаган
Нарында жер титирөөдөн 99 турак жай жабыркаган
Нарын шаарында катуу жер титирөөдөн 99 турак жай жана бир катар социалдык объектилер жараксыз абалга келген.
Алар:
🔻Көк-Жар айылында (Тоголок-Молдо айыл аймагы) – 36 турак жай;
🔻 Жаңы-Талап айылында - 28 турак жай, маданият үйү;
🔻 Ак-Кыя айылында – 21 турак жай, мектеп;
🔻 Кадыраалы айылында - жети турак жай, мектеп, дүкөн;
🔻 Кара-Ой айылында жети турак-жай жана мектеп бар.
Аталган үйлөрдүн ичинен 46 турак жай камсыздандырылса, 53ү камсыздандырылган эмес.