Депутаттар аткаруу бийлигиндеги бюрократияга нааразы

Мамлекеттик башкаруу системасынын төмөнкү баскычтарында бюрократия өтө күч алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев билдирди.

Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бир жылдан бери "өйдө-ылдый түшүп-чыгып" жүргөн катынын чоо-жайын айтып берди.

"Бир мекеме экинчиси менен макулдашып, иш кагаздар таптакыр жылбайт экен. Өткөндө сизге кайрылсак, формалдуу, шаблон жооп берип коюшуптур. Канааттанган жокпуз. Аксы районуна паром сатып алуу пландалган. Финансы министри каражат бөлүп берген. Бирок аны ишке ашыруу абдан оор болууда. Жогору жактан саясий чечим кабыл алынганы менен орто жана төмөнкү деңгээлде баары баягы бойдон. Же кол коюудан коркот, же ишти башкага түртө салышат. Бюрократиядан арылуу өнөктүгүн толук колдойм. Бир жылдан бери губернатор, аким жана башка мекемелер ортосунда бир кагаз өйдө-төмөн түшүп-чыгып жүрөт", — деди Алиев.

Ушул эле жыйында депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин төрагасына кайрылып, анын жообу министрликтердин канцеляриясында калып калганын белгилеп, ошол жактагы кызматкерлерге көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин билдирди.

10:52, 14-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар