Индия: 15 адам жасалма спиртке ууланып каза болду

Индиянын Пенжаб штатында жасалма спиртке ууланып 15 адам каза болду. Дагы алты адам ооруканага жаткырылды. 

Маалыматка караганда, окуя күн мурун аймактын Бхангали, Паталпури, Марари Калан, Теревал жана Талванди Гуман айылдарында болгон.

“13-май күнү кечки саат 21:30 чамасында биз жасалма спирт ичимдиктерин ичкен адамдар каза болуп жатканы тууралуу маалымат алдык. Дароо чара көрүп, төрт адамды кармап, негизги жеткирүүчү Парабжит Сингхти камакка алдык. Спиртти кайсы фирмалардан сатып алганын иликтеп жатабыз”,- деп белгиледи Амритсар полициясынын басма сөз катчысы Маниндер Сингх.

Учурда окуя боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

11:57, 14-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар