Султан Стамбеков: Жылына 200дөй баладан онкологиялык оору аныкталууда

Кыргызстанда балдар арасында жылына 200дөй онкологиялык оорулардын жаӊы учуру аныкталууда. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков жергиликтүү радиолорго берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, балдар онкология бөлүмү Эне жана баланы коргоо борборуна көчүрүлгөнгө чейин жылына 100-120 бейтаптан оорунун жаңы учуру аныкталчу.

“Кыргызстанда акыркы жылдары балдар онкологиясы көп аныкталууда. Анын бир себеби, балдар онкология бөлүмү Эне жана баланы коргоо борборуна көчүрүлгөндүгүндө. Балдар онкологиясы өзүнчө болгондо жылына 100-120 бейтаптан оорунун жаңы учуру аныкталчу. Азыр 200 учур жылына аныкталууда. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна көчкөндөн кийин кардиолог, терапевттер менен бирге иштешип, алар бейтаптардан онкологиялык оорулардын кандайдыр бир белгилерин байкашса эле бизди чакырышат. Биргеликте онкологиялык илдет бар же жок экендиги дароо аныкталат”,- деди Стамбеков.

Ошондой эле Кыргызстан боюнча Бишкек менен Ошто бардыгы болуп балдарды дарылаган 12 онколог бар экенин дарыгер маалымдады.

“Балдардын шишиктеринин чоң адамдардан өзгөчөлүктөрү, башка белгилери болот. Сейрек кездешүүчү оору болгондуктан ар бир 100 миң баланын ичинен жылына 10-12 бала онкологиялык оору менен ооруйт. Баладан онкологиялык оорунун алгачкы белгилерин аныктоо өтө кыйын. Негизи балдар онкологиясынын 10дон ашык түрү бар, ар биринин белгилери ар башка. Учурда биз жергиликтүү педиатрлар жана дарыгерлер арасында онкологиялык ооруларга болгон сактыктын деңгээлин көтөрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Бул балдардагы онкологиялык оорулардын эрте аныкталышын жакшыртууга жана бул жааттагы маалымдуулукту жогорулатууга багытталат”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Улуттук онкология жана гематология борборунда жайгашкан балдар онкология бөлүмү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулган. Мында Кыргызстандын бардык аймактарынан келген бейтаптар үчүн бир жерден дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, кеңешин алууга бир топ жеӊилдик болду.

 

12:02, 14-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар