Орусия Украина менен сүйлөшүүгө бара турган делегациянын курамын бекитти

РФ президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган Россия делегациясынын курамын бекиткенин Кремль кабарлады.

Маалыматта делегацияны өлкө башчынын жардамчысы Владимир Мединский жетектей турганы айтылат. Курамына төмөнкү кызматтагы адамдар кирди:

ТИМ башчысынын орун басары Михаил Галузин;

РФ Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков;

коргоо министринин орун басары Александр Фомин.

Путин, мындан тышкары, эксперттердин курамын да бекиткен. Тизмеге Генштабдын маалымат башкармалыгынын башчысынын орун басары Александр Зорин, президенттин гуманитардык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Елена Подобреевская, ТИМдин КМШ мамлекеттери боюнча департаментинин директору Алексей Полищук кирди.

Буга чейин NV радиосу Россия менен сүйлөшүү үчүн Түркияга бара турган украин делегациясын Владимир Зеленский жетектеп, аны кеңсесинин башчысы Андрей Ермак, орун басары Игорь Жовква, коргоо министри Рустем Умеров жана өлкөнүн тышкы иштер министри Андрей Сибига коштоп барарын кабарлаган.

Жолугушуу демилгеси Путинге таандык. РФ лидери эки тараптын эч кандай алдын ала шарты жок эле сүйлөшүүлөрдү жандантууну өткөн жумада сунуштаган. Жолугушуунун жүрүшүндө ок атуу токтоп калышы мүмкүн экенин да четке каккан эмес.

Зеленский жолугушууга Москва 12-майдан тарта ок атууну биротоло токтотсо гана макул экенин билдирген. Бирок АКШ президенти Дональд Трамптын сунушту токтоосуз кабыл алуу чакырыгынан кийин Зеленский Путинди бейшемби күнү Түркиядан күтөрүн айткан.

Бүгүн түнү Reuters америкалык аткаминерге таянуу менен АКШ президенти Трамп Россия менен Украинанын сүйлөшүүсү өтө турган Түркияга барбай турганын жазды.

 

09:56, 15-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар