Бишкек мэри жаңы курулуштарды текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Учкун конушундагы 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу уланууда.

Эки кабаттуу бала бакчанын аянты 1908 чарчы метрди түзүп, жалпы жер тилкесинин аянты - 0,83 га. Анда наристе, кенже, жогорку жана мектепке даярдоо тайпаларынан турган 6 топ иштейт.

Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастика сабактары үчүн өзүнчө залдар каралган.

Мындан тышкары, бала бакчада медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр да болот. Ар бир тайпа үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Учурда 2-кабаттын мамыларын токуу, ошондой эле жер төлөнүн кирпичтерин орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Орок конушунда бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Эки кабаттуу имарат 140 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 1363 чарчы метр, ал эми аймагы 0,4 га түзөт.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө имараттын ички жайларын кайра пландоо каралган, бул мектепке чейинки билим берүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бала бакча медициналык кабинет, ашкана блогу, кир жуучу жана чарба бөлмөлөрү менен камсыздалат. Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, имаратта актовый зал да каралган.

Учурда ички жасалгалоо иштери, ошондой эле айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Кыдыруунун жүрүшүндө мэр Айбек Жунушалиев оңдоо иштерин  тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, калаа башчысы Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө  жайгашкан Үй-бүлөлүк медицина борборуна барды. Ал жерде эки кабаттуу имараттын курулушу уланууда.

Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо жана курулуш-монтаждоо иштери толук аяктаган. Учурда газон себүү, топуракты тегиздөө жана прожекторлорду орнотуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, тез жардам станциясында кафель төшөө иштери уланууда.

150 кишини кабыл алууга ылайыкталган бейтапканада 5 авто унаага тез жардам станциясы каралган. Анын жалпы аянты 2607,9 чарчы метрди түзөт.

 

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар