УКМК өзүн К.Ташиевдин уулу – Таймурас деп тааныштырган жаранды кармады

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Д.Р.Д.» аттуу жаранды алдамчылык фактысы боюнча кармады. Ал өзүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев деп тааныштырган. Бул жол менен ал «Б.Х.» компаниясынын жетекчилигин алдап, бетон үчүн химиялык реагенттерди жеткирүү боюнча келишим түзүүгө ынандырган.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, «Д.Р.Д.» келишим түзүү максатында компаниянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, үнүн өзгөртүп манипуляция кылган. Ошондой эле WhatsApp тиркемесине Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, компаниянын кеңсесине өзүн өкүл деп тааныштырган адамды жиберген. Андан кийин өзү келип, келишимди түзүүнү талап кылган.

Натыйжада, аталган компания тарабынан 495 миң сом суммасындагы 8 тонна химиялык заттар шектүүгө өткөрүлүп берилген. Ал эми компания тарабынан алдын ала төлөм катары жалпы баасы 80 миң АКШ долларынан ашкан Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаалар берилген.

Учурда бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, «Д.Р.Д.» аттуу жаран КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

12:37, 15-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар