Бишкекте балдарды мектепке берүү үчүн массалык түрдө жасалма каттоо аныкталды 

Бишкекте балдарды мектепке берүү үчүн массалык түрдө жасалма каттоо аныкталды

Бишкекте балдарды мектепке кабыл алуу үчүн жасалма каттоонун массалык фактысы аныкталды. Айрым батирлерде 20дан ашык жашы жете элек балдар катталганын мэрия билдирди. 

Муниципалитет мындай көрүнүштөр билим алууга бирдей жеткиликтүүлүк принциптерин бузуп, бул даректерде мыйзамдуу жашаган башка үй-бүлөлөргө зыян келтирерин баса белгиледи.

“Өзүнүн катталган дареги боюнча жашабаган балдар мектептен чыгарылып, иш жүзүндө жашаган жери боюнча, тиешелүү кичи райондун чегинде окууга жиберилет”,-деп билдиришти мэриядан.

14:37, 16-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар