Ош: Бильярд клубдун жер төлөсүнөн 19 жашар кыз асынган абалда табылды

Ош: Бильярд клубдун жер төлөсүнөн 19 жашар кыз асынган абалда табылды

Ошто 15-майдан 16-майга караган түнү бильярд клубдун жер төлөсүнөн 19 жаштагы кыздын сөөгү асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

«Түнкү саат 2:57 мүнөт өткөндө Ош шаарындагы Раззаков көчөсүндө жайгашкан бильярд клубдардын биринин жер төлөсүндө асынып алган жагдайда белгисиз кыздын өлүгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал Кара-Суу районунун 2006-жылы туулган тургуну болуп чыкты. Учурда өлүмдүн себептери такталууда», — деди шаардык милициядан. 

Аталган бильярд клуб оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу иштебей турган. Кыз буга чейин аталган жерде администратор болуп иштегени аныкталды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери уланууда.

15:27, 16-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар