Өзбекстанда балдар үчүн медиаконтент түзгөн ишканаларга салык жеңилдиктери берилет
Өзбекстанда балдар үчүн улуттук мазмундагы контентти жаратуу жана жайылтуу боюнча мамлекеттик программа кабыл алынды. Президенттин тиешелүү токтому 2025-жылдын 15-майында кабыл алынып, 17-майдан тартып күчүнө кирди.
Бул программа балдарды чет элдик зыяндуу мазмундагы маалыматтардан сактап, коопсуз жана тарбиялык маанидеги маалымат чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Башкы багыттарга билим берүү, тарбиялоо, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, медиасабаттуулукту өнүктүрүү жана кесипкөйлөрдү даярдоо кирет.
Программа алкагында 2025-жылдын 1-июлунан тартып балдар үчүн медиаконтент түзгөн ишканаларга салык жеңилдиктери берилет. Мындай компаниялар киреше салыгынан бошотулуп, социалдык салыкты болгону 1% өлчөмүндө төлөшөт. Ошондой эле чыгымдарды салыктык эсепке алуу жана кошумча нарк салыгын (КНС) кайтарып алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Андан сырткары, "Эл-юрт умиди" фонду жыл сайын чет өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринде балдар контенти боюнча билим алууга 5 квота бөлөт.
Серепчилердин баамында, бул программа мамлекетте улуттук баалуулуктарын чыңдоого жана жаш муундун интеллектуалдык, маданий өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык саясаттын маанилүү багыты болуп саналат.