Кытайдын түштүгүндөгү жер көчкүдөн үч адам каза болду
Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гаочжоу шаарындагы жер көчкүдөн үч адам каза болуп, бирөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматына ылайык, кырсык күн мурун саат 07:00 чамасында шаардын четиндеги Пинтуган айылында болгон. Үч кабаттуу бир имарат жабыркап, жети адамды басып калган. Куткаруучулар тарабынан 6 адам табылып, куткарылган.
Медицина кызматкерлеринин аракетине карабай алардын үчөө ооруканада каза болушкан. Калган үчөөнүн абалы туруктуу деп бааланууда.
Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.