Бангладештин жараны Кыргызстандын визасын жасалмалап 66,5 миң доллар тапкан

 Кыргызстанда документтерди жасалмалаган деген шек менен Бангладештин жараны кармалганын УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк киши өзүнүн мекендештерине документ жасап берип жүргөн. Февраль ичи эле кызматы үчүн 66,5 миң доллар алган.

"Тинтүү учурунда шектүүдөн визасынын мөөнөтү бүткөн Бангладештин 120 паспорту, жасалма документтердин электрондук көчүрмөсү сакталган ноутбук табылган. Чет элдик жаран тергөө абагына киргизилди, кылмышка тиешеси барлар аныкталууда", — дешти УКМКдан.

Атайын кызмат чет өлкөлүктөрдү тиешелүү документтерди даярдоо үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине гана кайрылууга (электрондук портал аркылуу) чакырат.

15:08, 20-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар