Эми эвакуация болгон унаанын кайда экенин онлайн аныктоого болот
Эми эвакуация болгон унаанын кайда экенин онлайн аныктоого болот
Бишкекте эвакуацияланган унаанын кайда экенир онлайн режиминде аныктоого болот. Менин шаарым тиркемесинде жаңы функция пайда болду.
Тиркемедеги «Кызматтар» бөлүмүндө «Эвакуатор» модулу ишке киргизилди, анда колдонуучулар унаасынын мамлекеттик номерин киргизе алышат. Эвакуация болгон учурда, колдонмо өзүнүн учурдагы жайгашкан жерин атайын унаа токтотуучу жайдын дареги менен картада көрсөтөт.
Жаңыртуу колдонмонун iOS жана Android версияларында. Мэрия жаңы мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Менин шаарымдын акыркы версиясын орнотууну сунуштайт.