Садыр Жапаров жубайы менен Венгриянын мамлекеттик операсында
Садыр Жапаров жубайы менен Венгриянын мамлекеттик операсында
Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Будапешттеги Венгриянын мамлекеттик опера театрынын ардактуу коногу болду.
Биринчи айым иш-чарадан сүрөтүн жеке баракчасына жарыялады.
Концерттик программа атайын Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин маданий бөлүгүнүн алкагында делегация башчылары жана алардын жубайлары үчүн уюштурулду.