Бишкекте 38 жаштагы аял катуу сабалган. Ишти акыйкатчы көзөмөлгө алды
Бишкекте 38 жаштагы аял чогуу жашаган эркек киши тарабынан аёосуз сабалган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Жамиля Жаманбаева окуя тууралуу социалдык тармактардан билгенде эле жабыркаган аялдан кабар алган. К.У. аттуу келин азыркы тапта дарыланып, жакында дагы операция болорун айткан.
Маалыматта окуя 8-мартта болгону белгиленет. Үч жылдан бери чогуу жашаган киши келинди уруш учурунда катуу сабап салып, ал үйүндө эки күн кароосуз жаткан. Ооруканага түшкөндө жабырлануучунун мээси чайкалып, мурду, жаак сөөктөрү, тиши сынып, бети-башы айрылып, эки көзү жабыркаганы аныкталган. Бирок жабырлануучу жолдошунун туугандарынын кысымы менен сабалгандан кийинки күнү Ленин РИИБине жазган арызын кайтарып алган.