Бишкекте мыйзамсыз акча жүгүртүүнү уюштурган жарандар кармалды

Мыйзамсыз акча жүгүртүүнү уюштурган Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган жарандар "цыганская почта" деп аталган көмүскө акча жүгүртүү каналын түзүп, мыйзамсыз ишмердүүлүк аркылуу жеке баюуга аракет кылышкан. Алар мамлекеттик органдарда расмий эсепке турбастан, акча алмаштыруу пункттары аркылуу Россиядан келген жалпысынан 20 млн АКШ долларына жакын каражатты мыйзамсыз жүгүрткөн.

Тергөө материалдарына ылайык, айрым учурларда алар өз милдеттенмелерин аткарбай, башкалардын акчасын алдоо жолу менен ээлеп алышкан. 2024-жылдын май айында А.Л. аттуу жаран аларга 2 млн долларга тете 165 млн рубль бергенин билдирген.

Жыйынтыгында 20-май күнү Т.Р.Р. жана Д.у.А. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.

УКМК тергөө иштери улантылып жатканын жана күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалады.

 

11:22, 22-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар