Стамбулдагы макулдашуу: Россия менен Украина миңден туткунун алмашты
Россия менен Украина миңден туткунун алмашты. Бул тууралуу ТАСС Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.
Анда белгиленгендей, Стамбулдагы макулдашууга ылайык, 23-25-май күндөрү россиялык жана украиналык тарап “1000ге 1000” түрдө туткундарын алмашты.
Учурда орус аскерлери Беларуста экени, аларга психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтылды. Андан соң аскерлер жана жарандар Россияга дарылануу жана реабилитациядан өтүү үчүн Коргоо министрлигинин медициналык мекемелерине жаткырылары кошумчаланды.
Маалыматка караганда, алмашуу үч этапта өткөн. Биринчисинде 23-майда 270 аскер кызматкери жана 120 жөнөкөй жаран алмашылган. 24-майда өткөн экинчи этапта дагы 307 аскер берилген. Акыркысында Украинадан 303 орус аскери кайтып келген. Алардын ордуна 303 украиналык аскер кызматкери берилген.
Бул Россия менен Украинанын ортосундагы ири алмашуу болуп калды.