Кыргызстанда үч режим менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар бар - ТИМ

Кыргызстандын аймагында 3 режим менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Азамат Калысбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымын, биринчиси толук визалык режим, экинчиси жарым-жартылай визалык режим, ал эми үчүнчүсү визасыз режим.

“Мисалы, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр визадан бошотулган. Бирок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алар каттоого туруусу милдеттүү. Алсак, Тажикстандын жарандары каттоого туруусу зарыл. Ал эми Кытай, Индия жарандары толук визалык режим менен өлкө аймагында жүрүшөт. Өзбекстандын жарандары 60 күндүк визасыз режим менен кире алышат бирок, андан ары виза алуусу талап кылынат”,- деди Калысбеков.

Белгилей кетсек, министрлик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун ыңгайлуулугу үчүн өлкөнүн аймагында болууга укук берүүчү документтерди тариздөө боюнча жол-жоболор төмөнкү электрондук форматка өткөндүгүн эскертти.

– визаны же “Бирдиктүү уруксатты” тариздөө үчүн арызды “Электрондук виза” порталы аркылуу берүү зарыл (www.evisa.e-gov.kg).

– каттоо эсебине коюу үчүн – “Онлайн каттоо” порталы аркылуу (www.ereg.e-gov.kg).

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү маалымдагандай, президент кол койгон жарлыктын алкагында жалпы уруксат кагаздарды алуу тартиби өзгөргөн жок, буга чейинки колдонуп келген тартип 10-июнга чейин колдонулат.

“Бир гана талап жарлык өлкө аймагында миграциялык мыйзам бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга багытталгандыктан, Ички иштер министрлигинен атайын корутунду сурайбыз. Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн беренелерди бузган эмес деген корутунду керек. Андан кийин ТИМге кайрылып, чет өлкөлүк жарандар уруксат кагазын алууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, “Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары жөнүндө” президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга укуктук абалын легалдаштыруу үчүн 10-июнга чейин мөөнөт берилди.

 

10:34, 26-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар