Иранда аба такси кызматы ишке киргизилди

Иран расмий түрдө өлкөнүн биринчи аба таксисин ишке киргизди. 

Маалыматка караганда, аба такси Ирандын Караж жана Казвин шаарларына каттайт.

“Аба таксисинин ишке кириши өлкө үчүн маанилүү жетишкендик”, - деди Паям эл аралык аэропортунун башкы директору Мохсен Хасанлоу.

Хасанлоунун айтымында, транспорттун жаңы түрү аталган шаарлардын аймагына жаңы инвестицияларды тартууга, улуттук экономиканы стимулдаштырууга жардам берет. Мындан тышкары, калктын авиациялык кызматтарды кеңири колдонуусуна ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Ал белгилегендей, бул коомчулукка аба каттамдарын колдонууга мүмкүндүк берүүчү жана инвесторлорго жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү бере турган инновациялык кызмат.

Белгиленгендей, Иранда биринчи аба таксисинин ишке кириши өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын модернизациялоодо жана авиациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү кадам катары каралууда.

 

10:37, 26-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар