Михаэль Шумахердин жарыш унаасы 16 миллион еврого сатылды
Михаэль Шумахердин жарыш унаасы 16 миллион еврого сатылды
Михаэль Шумахер 2001-жылы Формула 1 чемпиондугун жеңип алган унаа 15,98 миллион еврого сатылганын The New York Times басылмасы жазып чыкты.
Ferrari F2001 RM Sotheby's аукцион үйү тарабынан 24-майда Монакодо аукционго коюлган.
Бул аукциондо сатылган эң кымбат Шумахер унаасы болуп калды.
Аукциондо сатылган жарыш унаасынын бардык убактагы рекорддук баасы 2025-жылы, 1950-жылдардын ортосунда Формула 1 жарышына катышкан Мерседес W196 51,2 миллион еврого сатылганда белгиленген.
Михаэль Шумахер Формула 1дин жети жолку жеңүүчүсү. 2013-жылдын аягында ал Франциянын Альп тоолорунда лыжа тээп жүрүп мээсине жаракат алып, ошондон бери эл алдына чыга элек. Шумахер, азыр 56 жашта, үй-бүлөсү анын жеке жашоосу азыр көп элге маалымдалбайт.