Кыргызстандын калкынын саны 7,3 млн адамдан ашты

Кыргызстандын калкынын саны 2025-жылдын январь-март айларында 26,4 миң адамга же 0,4%га жогорулады. 1-апрелге карата калктын саны 7 млн 308 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2025-жылдын январь-мартында ЖААК органдарында 31,8 миң ымыркай катталган, же 1 000 кишиге 17,7 ымыркай туура келет (2024-жылдын январь-мартында 19,3) жана 8,4 миң адам каза болгон, же 1000 кишиге 4,7 адам туура келет (2024-ж. январь-мартта - 4,8).

Жыйынтыгында, калктын өсүшү 23,4 миң адамды же 1 000 кишиге 13,0 адам туура келет (2024-жылдын январь-марты - 14,5).

2025-жылдын январь-март айларында калктын өсүшүнүн деңгээли Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында байкалган, ал эми Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда эң аз көрсөткүч катталды.

 

11:59, 26-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар