Тарых жараткан дагы бир кыргыз айымы. Рысгүл Акимжанова Эверестти багындырды

Тарых жараткан дагы бир кыргыз айымы. Рысгүл Акимжанова Эверестти багындырды 

Ишкер жана альпинист Рысгүл Акимжанова Непал убактысы боюнча саат 04:40та 8848 метр бийиктикти багынтып, Эвересттин чокусунда өлкө желегин желбиреткен экинчи айым болду.

Жолдошу депутат Эмил Токтошев учурда спортчу ылдыйкы лагерлерге түшүп келе жатканын билдирди.

Буга чейин кыргыз аялдарынын арасынан биринчи болуп Асел Байбагышева Эвересттин чокусуна чыккан.

10:15, 27-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар