Камчыбек Ташиев Айдаркен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолукту
Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Алгач Камчыбек Ташиев Сурьма комбинатынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат менен таанышып, жетекчиликке жумушту активдүү түрдө алып барууну эскертти. Ташиев комбинат стратегиялык мааниге ээ экендигин белгилеп, жергиликтүү бийлик органдары анын ишин жакшыртууга жардам бериши зарылдыгын айтты.
Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маалыматтар менен кеңири тааныштырды.
Белгилей кетсек, буга чейин өзбек тарап менен чек ара маселесин чечүүдө Чечме булагы боюнча акыркы чечим кабыл алынбаганы белгилүү болчу.
"Чечме булагы эми талаштуу эмес жана ал толугу менен Кыргызстандын балансына жазылды, бул маселеге чекит койдук. Бирок, булактын суусун Өзбекстан тарап менен буга чейинкидей эле, ортодо пайдаланабыз. Коңшуларыбыз дагы, биз дагы ал суудан пайдаланабыз, бул боюнча мамлекеттик деңгээлде келишилди", - деди ал.
Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиялардын ишине токтолуп, алмашылган жер тилкелери жөнүндө так маалымат берди.
Жашоочулар тарабынан берилген суроолорго жооп узатылып, көтөрүлгөн маселелер алдыда чечилери айтылды.
"Жергиликтүүлөр президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге чек ара маселесин чечип, өлкөгө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганын белгилеп, ыраазычылык билдиришти",-деп айтылат маалыматта.