Министр: Миграция үй-бүлөдө ажырашууларга алып келген негизги факторлордун бири
Миграция үй-бүлө баалуулуктарын бузуп, ажырашууларга алып келген негизги факторлордун бири болууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, акыркы 2 жылда министрлик үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
“КР Үй-бүлөө кодекси 2003-жылы кабыл алынган бирок, социалдык-укуктук реалдуулуктардын өзгөрүшүнө байланыштуу үй-бүлө институтун өркүндөтүүгө, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, үй-бүлөнүн коомдогу ролун жогорулатууга, баланы жоопкерчиликтүү тарбиялоону күчөтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк институтту бекемдөө боюнча жаңы Үй-бүлө кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча тапшырма берген. Миграция жаатында үй-бүлө мүчөлөрү башка өлкөлөргө кетип, эки ажырым болуп, үй-бүлөдө ажырашуулар көп орун алууда. Биз бул маселелерди ар тараптуу карап жатабыз. Ажырашуулар эмне себептен болуп жатканын реалдуу түрдө билүү кыйын. Эксперттер тарабынан талданып, изилдениши керек”,- деди министр.
Эскерте кетсек, аталган министрлик өткөн жылы акыркы эки жылда үй-бүлөдө ажырашуулардын саны 31 пайызга көбөйгөндүгүн маалымдаган. Тагыраагы, бул көрүнүш Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө ажырашуу болуп жатат дегенди түшүндүрөт.