Жайыл районунда дайынсыз кеткен жаранды издөө иштери бир аптадан бери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясынан изделип жаткан адамды иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө иштерине бүгүн, 27-май күнү саат 07:00дө Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу, 1 дрон тартылды.

Ага кошумча Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, туугандарынан 10, жалпы 28 адам чыкты.

Эске салсак, 2025-жылдын 19-майы күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

 

10:31, 27-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар