Мектепке жасалма документ менен катталгандар аныкталып, УКМК текшерүүнү баштады

1-2-класстарга жасалма документтер менен катталгандар аныкталганын Агартуу министрлигинен кабарлашты.

"Мектеп" системасында мониторинг жүргүзүлүп, анда айрымдар жасалма документтер менен өздөрүн камкорчу катары көрсөтүп, бир нече баланы мыйзамсыз түрдө каттатканы аныкталды. Бул боюнча УКМК текшерип баштаганы айтылды.

"Бишкектеги №29 мектеп боюнча 86 бала мыйзамсыз катталганы белгилүү болду. Башка мектептерде да аныкталууда. Натыйжада мыйзамсыз жазылгандардын каттоосу жокко чыгарылып, бул орундарга ошол микроучастокто жашаган балдар кабыл алынышы мүмкүн", — дешти министрликтен.

Ал эми тизмеден чыгып калгандар 2-июнда баштала турган 1-2-класстарга каттоонун экинчи этабында кайрадан жазылса болорун айтышты.

2025–2026-окуу жылына 1-2-класстарга 1mektep.edu.gov.kg порталы, "Түндүк", "Мбанк", "Мегапей" жана башка тиркемелердин жардамы менен онлайн-каттоонун биринчи этабы жүрүүдө.

10:54, 27-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар