Ташиев Оштогу мектептин ачылышына Валентина Терешкованы чакыруу планын айтты
Ош шаарында окуу жылынын башталышына карата Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаттын жаңы имаратынын курулушун аяктоо пландалууда. Бул тууралуу аталган окуу жайга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барганда айтылды.
26-майда инспекциялык иш сапары учурунда Ташиев курулушту август айына чейин аяктап, объектини шаардык билим берүү системасына өткөрүп берүүнү тапшырды.
"Жергиликтүү бийлик органдары жана интернат жетекчилиги имараттардын белгиленген талаптарга толук ылайык болушун камсыздашы керек", — деп белгиледи ал.
УКМК төрагасынын айтымында, окуучулар мектеп формасы, транспорт жана атайын сабактарды өткөрүү үчүн керектүү каражаттар менен жабдылат.
Интернат 700 орунга, анын ичинде 500 жатак орунга ылайыкталган. Имаратта спорт залы, сырткы аянтчалар, санитардык блок, бакча зонасы жана башка заманбап шарттар каралган.
Ачылыш аземине аялдардан чыккан биринчи космонавт, Советтер Союзунун Баатыры, Россиянын тарыхындагы алгачкы аял-генерал, коомдук жана саясий ишмер Валентина Терешкованын катышары күтүлүүдө.