Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолуна асфальт тɵшɵɵнүн биринчи этабы быйыл аяктайт
Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунда асфальт тɵшɵɵнүн биринчи катмарын төшөө иштерин 2025-жылдын декабрь айында бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолдун 0-71 км аралыгында асфальттын биринчи жана экинчи катмары төшөлүүдө, ал эми 96 чакырымдан 126 чакырымга чейин асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун Балыкчы-Барскоон участогунда үстүбүздөгү жылдын май айына карата жол куруу иштери төмөнкү багыттар боюнча жүрүүдө:
- жер жумуштары;
- жээк, дренаж;
- жасалма курулуштарды куруу (көпүрө, түтүктөр)
- биринчи жана экинчи асфальтбетон катмарын төшөө;
- электр, телефон линияларын тартуу, суу менен камсыздоону которуу.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин техникалык тапшырмасына ылайык, аталаган жол II техникалык категориядагы параметрлерге ээ болуп, бөлүүчү тосмо менен төрт тилкелүү болуп курулууда.
Эскерте кетсек, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун куруу иши 2021-жылдын августунда башталган. Балыкчы-Барскоон участогундагы трассанын жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынууда.