Өзгөндө 20 жылдыкка барган аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды

Өзгөндө аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-майда РИИБге 37 жаштагы аял алган жараатынан ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгонун, маркумдун күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Ишенимдүү булактар кара-кулжалык келин айылына 20 жылдыкка барып келгенден кийин жолдошу кызганычтан мылтык менен атып салганын айтышууда.

 

11:05, 28-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар