Миң гектарга чукул жерди ээлеп алган мурдагы аткаминер кармалды

Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары Р.И.А. менен анын өкүл баласы А.М.Д. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шектүүлөр 990 гектар жерди 25 жыл мыйзамсыз пайдаланып жүрүшкөн.

"Аудитордук текшерүү жүргүзүлүп, Сокулуктагы бул жер участокторун мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында мамлекетке 2000-жылдан бери 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени маалым болду. Алар бул жердеги кампаларды, өндүрүштүк базаны да мыйзамсыз менчиктештирип алганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

УКМК Р.И.А. менен анын жакын туугандарына 54 кыймылсыз мүлк катталганын кошумчалады. Анын ичинде Бишкекте элиталык турак үйлөрдөгү батирлер, Сокулукта соода жайлары, Чолпон-Атада "Келечек" пансионатынын аймагындагы коттедж бар.

"Коррупция" фактысы боюнча иш козголуп, мурдагы орун басар менен өкүл баласы камалды.

 

 

11:11, 28-05-2025

Комментарийлер

Кундуз
Ушундай тойбостордун айынан мокулук району боюнча канча элдер 4 сотух жерге жетпей жүрөбүз.Канча документтер жок болуп кетип атат .
Назгуль
Биз торт сотых жер ала албай журобуз,жоктон башканы айтышпайт
Сайнаке
Мындай шылундар топуракка да тойбойт го жашым 70те 4сотых жер ала албай журом токмок Ак Бешим айылы
Анаркул
Нарынга качан УКМ келет,мыйзамсыз берилген жер имараттар толтура.
Асман
Джээнбеков
Ушунчага чейин эч ким билбей жүргөн бекен.?
Шакыева,
Маметова Зуурабү
Картайганда алакандай жер ала албай жүрөм ,үй жай жок. Квота жок деп кол жайып отурушат го айыл өкмөттөрү. Москва району Петровка айылында турам
Адыл
Буга окшогон жегичтер миң деп саналат. Негизи бүт районду ревизия кылса өлкө боюнча бир жылдык бюджет ашыгы менен толмок.

Башка жаңылыктар