142 мектепте 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат

Кыргызстанда 142 мектепте 2025-2026-окуу жылына карата 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, эртең 30-майда саат 09:00дөн тарта ата-энелер балдарын мектептерге каттай алат.

"Бул кошумча орундар мектептик билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөрдүн суроо-талаптарын канааттандыруу максатында берилет", - деп белгилешти министрликтен.

14:57, 29-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар