Эки күн бою изделип жаткан аялдын сөөгү дарыянын жээгинен табылды

Жалал-Абад облусунда эки күндөн бери изделип жаткан 65 жаштагы аялдын сөөгү дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 1960-жылы туулган Д.З. аттуу аял Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы үйүнөн 28-майда чыгып кеткен бойдон изделип жаткан. Куткаруучулар анын сөөгүн бүгүн, 30-майда саат 09:50дө Чаткал дарыясынын жээгинен таап, жакындарына өткөрүп беришкен.

15:50, 30-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар