Ташиев ИИМ башчысы Ниязбеков экөө президенттен тил укканын айтты

 УКМК төрагасы менен ИИМдин жетекчиси президенттен тил укту. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна барганда билдирди.

Ташиевдин айтымында, Садыр Жапаров үч күн мурун эч кимге айтпастан Ысык-Көлгө барып, суунун торлордон тазаланышын текшерген. Өлкө башчысы көл дагы деле тордон арылбай, ал тургай жаңылары пайда болгонуна кейигени айтылды.

"Президент былтыр да текшерди эле, быйыл дагы өзү келип текшерип кетти. "Тор өтө көп, жаңы салынган торлорду алдым" деп кейиди", — деди Ташиев.

Ал мындан ары укук коргоо органдарынын, айрыкча экологияны коргоо кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлөрүн айтты.

 

15:59, 30-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар