ЕАӨБ – Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүүдө
Кыргызстанда 2025-жылдын алгачкы төрт айында ички дүң продукт 11,7%га өстү деген маалымат Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык макроэкономикалык баяндамасында берилген.
Талдоочулар белгилегендей, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтары болуп ИДП динамикасынын 2,6 пайыздык пунктка өсүшүн камсыз кылган бул - өнөр жай тармагы. Ал эми курулуш сектору 2,5 пайыз жана ички соода – 2,0 пайыз салым кошкон.
Эксперттердин талдоосуна ылайык, келтирилген маалыматтар Кыргызстанда туруктуу макроэкономикалык абал түзүлгөндүгүнөн кабарлайт. Негизги тармактарда стабилдүү өсүш байкалып жатканы маанилүү.
Белгилей кетсек, экономиканын реалдуу сектору иштей баштады, ондогон жаңы өндүрүштөр ишке киргизилүүдө. Дыйканчылыктын жана мал чарбачылыгынын көрсөткүчтөрү жакшырды, социалдык маанидеги товарлардын баасы туруктуу бойдон калууда. Албетте, бул инфляциялык процесстерди ооздуктап, улуттук валютанын туруктуулугун кармап турат.