Ипотекалык батирлердин чарчы метринин баасы 750 доллардан башталат
Ипотекалык батирлердин чарчы метринин баасы 750 доллардан башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев билдирди.
Ал белгилегендей, ипотекалык батирлер 25 жылга берилип жаткандыктан, бааларды аныктоодо бул мезгил аралыгында инфляциянын өзгөрүшү мүмкүн экендиги эске алынууда.
“Кезекте тургандар болжол менен чарчы метрди 750 доллар менен алышууда. Ал эми үлүштүк курулуш менен алган жарандарга 850 доллардан баштап берилип жатат, ар бир даректе өзүнүн баасы аныкталган. Анткени ар бир райондун өзгөчөлүгү жана курулган турак жайдын инженердик инфраструктурасы бар. Ошондуктан бааларда айырмачылыктар болот. Үлүштүк курулуш механизми менен батирлерди алып жаткандарды салыштырсак, кезекке тургандардын батирлеринин баасы кыйла арзан”, - дейт Тилек Жээнбаев.