Күн мурун Стамбулда Россия менен Украинанын делегацияларынын түз сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өттү. Бир сааттан ашык убакытка созулган жолугушуу Босфор кысыгынын жээгиндеги Чыраган сарайында өттү. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тараптардын жолугушуусун эң жакшы деп баалап, диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Россия менен Украинанын делегацияларынын эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында тараптар кыскача билдирүү жасашты.
Делегация башчыларынын негизги билдирүүлөрү:
Орус тараптан делегациянын башчысы Владимир Мединский төмөндөгүдөй макулдашууларды билдирди:
· Россия гуманитардык максатта, “боз зонада” курман болгондордун сөөгүн чогултуу үчүн фронттун айрым аймактарында 2-3 күнгө жергиликтүү ок атышууну токтотууну сунуш кылды.
· Оор жарадарларды, катуу ооруларды жана 25 жашка чейинки жаш жоокерлерди “бардыгы бардыгы үчүн” формуласы боюнча туткундарды кеңири масштабда алмашуу макулдашылды.
· Москва Украинага узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү жана ок атышууну толук токтотуу боюнча сунуштарды камтыган меморандумду тапшырды.
· Россия келерки аптада каза болгон 6 миң аскер кызматчысынын сөөгүн Украинага берүүгө даяр жана Киевден да ушундай кадамды күтүүдө.
· Оор жарадар болгон туткундарды алмашуу боюнча тизмелерди дайыма түзүп туруу үчүн туруктуу иштеген дарыгерлик комиссияларды түзүү үчүн чечим кабыл алынды.
Украин тараптан коргоо министри Рустем Умеров катышты. Ал өз билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү айтты:
· Орус меморандуму жолугушуу учурунда гана тапшырылды. Буга байланыштуу Киевдин аны изилдөөсүнө бир жума кетет. Украина мындан аркы кадамдарын Россиянын меморандумунда белгиленген сунуштарды талдап чыккандан кийин чечет.
· Украина бардык туткундарды бошотууну жана балдарды кайтарууну талап кылууда. Россия 339 ысымдан турган тизме алды.
· Киев сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын ушул айдын аягында АКШ президенти баш болгон мамлекет башчыларынын катышуусу менен өткөрүүнү сунуштады.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасы гуманитардык маселелер боюнча алдыга кадам таштоо жана диалогду саясий деңгээлге кайтаруу аракетинде өттү.