Быйыл өлкө боюнча 4 миң ипотекалык батир берилет. Тизме

Быйыл өлкө боюнча 4 миң ипотекалык батир берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев билдирди.

Анын айтымында, ачкычтар үй ээлерине жыл соңуна чейин тапшырылып бүтөт.

“Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндөгү батирлер экинчи этап менен 3-кварталдын аягында берилет, Молдобасанов көчөсүндөгү батирлер жай айларында, ал эми Кустанай жана Волков көчөлөрүнүн кесилишиндеги батирлердин биринчи этабы 4-кварталда тапшырылат”, - деди ал.

Ошондой эле Тилек Жээнбаев региондордо да батирлердин ачкычтары жарандарга берилерин белгиледи.

“Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы турак жайлардан 1500 батир ээлерине ташырылат. Нарын шаарында жана Кочкор районунда 430 батирди жарандар алышат. Талас шаарынан 319 батир жыл аягына чейин берилгени турат. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы турак жайлардан биринчи этапта 420 батир берүү пландалууда. Жалпы жонунан республика боюнча 4 миң батирдин ачкычтары берилет”, - дейт МИКтин төрагасынын орун басары.

 

12:05, 03-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар