УКМК: "МайКампа" ишканасынын 49% үлүшү мамлекетке кайтарылды

"МайКампа" ЖЧКсынын мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1991-2000-жылдар аралыгында аталган мүлк жеке жактарга арзан баада сатылган.

Компаниянын уюштуруучулары мүлктүн бир бөлүгүнө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, 49 пайыз үлүшүн ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарууну чечишти.

Ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү.

 

14:35, 03-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар