Канадада 400дөн ашык турак жай токойдогу өрттө күйүп кетти
Канадада 400дөн ашык турак жай токойдогу өрттө күйүп кетти. Бул тууралуу Известия CBC телеканалына таянып кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, Канаданын Саскачеван провинциясындагы тилсиз жоодон улам 9 миң адам эвакуацияланды. Жакынкы күндөрү бул сан 15 миң кишиге жетери айтылууда.
Саскачевандын Коомдук коопсуздук агенттиги (SPSA) билдиргендей, 3-июнга карата провинцияда 21 өрт катталды, анын ичинен сегизи чектөөгө алына элек.
Буга чейин Альберта, Манитоба жана Саскачеван провинцияларынан 25 миң жашоочу үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган эле.