Чүйдө жер участогун мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды
Чүйдө жер участогун мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгы, Панфилов райондук прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайыңды айыл аймагында жайгашкан жер участогун А.А.О. атуу жаран тарабынан мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуунун натыйжасында, жер кыртышына келтирилген зыян 39 605 сом суммасында бааланган.
Бул факты боюнча материалдар президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 «Жерлерди мыйзамсыз өз алдынча ээлеп алуунун алдын алуу жана токтотуу чаралары жөнүндө» жарлыгына ылайык, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.