Күйөөсүнүн колунан өлгөн келинди мазактады делген блогер кармалып, иш козголду

Маркумду мазактады делген Айбек Уланов кармалып, иш козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31 жаштагы блогерге карата "Рассалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу" беренеси менен иш козголгон.

"Соцтармактын активдүү колдонуучусу Айбек Уланов Өзгөндөгү бүтүрүүчүлөр жолугушуусунан кийин Кара-Кулжада жолдошунун колунан каза болгон аялдын окуясы боюнча жалган маалымат таратып, маркумдун ар-намысына шек келтирип, коомчулукту кыжырданткан. Ал кармалып кечирим сураган. Бирок шектүү кийин баракчасы аркылуу коомдун терс реакциясын жараткан маалыматтарды таратууну уланткан", — деп айтылат билдирүүдө.

Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы менен ага кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал эми медициналык экспертиза анын баңгизат колдонгонун аныктаганы кошумчаланды.

 

10:38, 05-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар