Россиядагы кыргыз мигранттарынын дээрлик 16 млн рубль эмгек акысы өндүрүлдү

Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандык мигранттарга дээрлик 16 миллион рубль эмгек акысын кайтарууга жардам берди.

Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылдын биринчи беш айынын ичинде Россияда жүргөн кыргызстандыктарга ар тараптуу укуктук жана консультациялык колдоо көрсөттү.

175 жаранга укуктук иш — аракеттердин, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын аркасында мурда алынбай калган эмгек акысы 15 764 700 рубль төлөнүп берилген.

·         6 жаран ден соолугуна келтирилген зыянга байланыштуу 6 224 400 рубль өлчөмүндө компенсация алышкан.

·         Өкүлчүлүктүн адистери 12 279 жаранды жеке жана телефон аркылуу кабыл алып, кеңеш беришти.

·         20 кыргызстандыкка РФнын сотторуна арыз жана кайрылуу даярдоого жардам көрсөтүлдү.

·         Жарандардын кайрылуулары боюнча Москва полициясына 219 жолу барып, чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 17 жолу визит жасалды.

·         Ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жашы жете элек балдарды мекенге кайтарууда (репатриациялоодо) көмөк көрсөтүлдү.

Өкүлчүлүктүн иши күнү-түнү улантылууда. Колдоо онлайн жана офлайн форматта да көрсөтүлөт.

 

10:41, 05-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар