Кара-Балта мэриясынын кызматкерлери коррупция боюнча кармалды
Кара-Балта мэриясынын кызматкерлери коррупция боюнча кармалды
УКМК Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
2024-жылдан бери шаар мэриясы тарабынан товарларды жана материалдарды сатып алуу, асфальт-бетон төшөө төшөө жана Кербен базарын куруу боюнча тендерлер өткөрүлүп келген. Тендердин жеңүүчүлөрү деп ОсОО “ОК”жана ОсОО “РС”компаниялары табылган.
Шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору Б.А.С. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кол алдындагылар аркылуу аталган компанияларга тендер өткөрүүнү көздөгөн. Натыйжада бир нече кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетишкен.
Схема мэрдин түздөн-түз буйругу менен ишке ашырылганын ырастап, эки кызматкер – сатып алуулар боюнча адис жана башкы эсепчи күнөөсүн мойнуна алышты. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке 26 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. 15-июлда Б.А.С., Р.Р.О. жана I.R.O. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалды.