УКМК түштүк аймакта өзүн "смотрящий" атаган жаранды кармады

УКМК түштүк аймакта өзүн “смотрящий” атаган жаранды кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сузак районунда өзүн түштүк аймагынан “смотрящий” деп жарыялаган таксистти кармады.

Буга чейин интернетте уюшкан кылмыштуу топтун идеяларын пропагандалаган адамдын видеосу тараган. УКМК кылмыш ишин козгоп, шектүүнүн өздүгү такталды. 

Ал Сузак районунун Сафаровка айылынын 1991-жылы туулган тургуну С.у К. болуп чыкты. Соттолбогон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталбаган, таксист болуп иштейт.

Аталган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды

12:04, 21-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар