Өзгөндөгү оорукананын башкы дарыгери пара берип жатканда кармалды

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча Өзгөн райондор аралык борборунун башкы дарыгери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал атайын кызматтын өкүлдөрүнө мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 100 миң сом пара сунуштаган. Кызматкер акчадан баш тарткандан кийин медик сумманы 300 миң сомго чейин көбөйтүп, берип жаткан учурда кармалган. Кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

11:37, 22-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар