Илимдер академиясы Таш-Көмүрдө табылган динозаврлардын калдыктарын көрсөттү

Таш-Көмүрдүн жанынан табылган динозаврлардын калдыктары эсиңиздеби? Аны Alpkarakush kyrgyzicus деп аташкан болчу.

Илимдер академиясы сүрөттөрүн жарыялап, жаңы маалыматтар менен бөлүштү.

Теропод тобуна таандык динозаврлардын сөөгүн кыргыз жана немец палеонтологдору Ууру-Сайдан табышкан. Калдыктардын бири толук өрчүгөн, жетилген, кеминде 17 жашта болгону болжолдонууда. Ал эми экинчиси андан кичинекей дешти. Жаныбар баласы менен 165 миллион жыл мурун жашаганы божомолдонууда.

 

11:00, 22-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар