УКМК: Ысык-Көлдөгү ЖОЖдордон 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды

Ысык-Көлдөгү ЖОЖдордон 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссия алардын сабакка катышпаганын, билимдери жетиштүү деңгээлде болбогонун аныктаган.

Анын негизинде төмөнкү окуу жайлардан студенттер айдалган:

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен — 779 студент;

Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен — 114 студент;

И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен — 48 студент.

 

11:44, 22-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар