"Манас" аэропорту 9-августтан баштап FRU кодун BSZ деп өзгөртөт

"Манас" эл аралык аэропорту 9-августтан тарта расмий түрдө IATA кодун өзгөртөт. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКы билдирди.

Ага ылайык, учурдагы FRU кодунун ордуна BSZ колдонулат.

Өзгөртүү иштери IATA кодунун 763-резолюциясына ылайык жүргүзүлөт жана ушул жылдын 9-майында жөнөтүлгөн билдирүүдөн кийинки 90 күндүк мөөнөт аяктагандан соң күчүнө кирет.

Компания жаңы кодго өтүүгө байланыштуу бардык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында тийиштүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

 

15:20, 22-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар