Бишкектеги мектепте мугалимден кургак учук чыгып, окуучулар текшерилүүдө
Бишкектеги №37 мектепте мугалимден кургак учук чыгып, окуучулар текшерилүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, мугалим сабак берген класстардын окуучуларынын ата-энелери менен чогулуш болгон. Анда балдарды кантип текшерүү керектиги түшүндүрүлүп, ата-энелер өздөрү да текшерүүдөн өтүүгө макулдук беришкен.
"Окуучуларга тест жүргүзүлдү, жыйынтыгын фтизиопедиатр карайт. Мындан тышкары, кургак учуктун белгилери боюнча кошумча скрининг да жүргүзүлөт. Андан кийинки этапта зарыл болгон учурда өпкө рентгенге тартылат", — деди башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова.